Ош шаары менен Таласта коронавирус катталган жок. Акыркы статистика

Оору азайганы менен COVID-19 илдетинен акыркы суткада бир киши көз жумган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 122 киши коронавирусту жуктурса, 230 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Жалпысынан дартка чалдыккандардын саны 81 156га жетти.
Соңку суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
COVID жеңил өткөн бейтаптарда оорунун кесепети оор болору айтылды
Ал эми COVID-19 илдетинен акыркы суткада бир киши көз жумган. Анын Бишкек шаарында дарыланып жатканы айтылды. Дарттан көз жумгандар 1 356га жетти.
Учурда стационарда 991 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 13 адамдын абалы канааттандырарлык, 687си орточо, 241и оор, 50сү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 746 бейтап бар.