Узаган жылы Кыргызстанга автоунааларды импорттоо үч эсе өстү

Он ай ичинде республикага автоунаалар 20 чет мамлекеттен алып келинген. 2019-жылга салыштырмалуу АКШдан машина импорттоо эселеп өстү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 2020-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстанга 21 695 автоунаа импорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Унаалардын жалпы наркы 35 миллион 526,6 миң долларга бааланган.
Автокөлүктөр 20 мамлекеттен алып келинген:
2019-жылдын 10 айында өлкөгө 6,5 миңге чукул автоунаа (19,8 миллион доллар) ташылган. Белгилей кетсек, анда АКШдан тогуз гана унаа алып келинсе, ушул жылдын сегиз айында 13 миңден ашуун машина келди.