Израилдик модель дүйнөдөгү ажарлуу айым деп табылды. Сүрөт

Сулуулардын тизмесине быйыл 100 адам кирген. Алардын арасында актрисалар, моделдер, искусство өкүлдөрү жана спортчулар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Израилдик модель Яэль Шелбия TC Candler көңүл ачуучу сайтынын аныктамасы боюнча дүйнөдөгү эң ажарлуу айым деп табылды. 
Жыл сайын сунушталуучу "Эң сулуу 100 аял" рейтинги Independent Critics коммерциялык эмес уюму менен биргеликте түзүлгөн. Анын жыйынтыгы порталдын YouTube-каналына жарыяланды.
Сулуулардын тизмесине быйыл 100 адам кирген. Алардын арасында актрисалар, моделдер, искусство өкүлдөрү жана белгилүү спортчу кыз-келиндер бар.
19 жаштагы Шелбия алган добуштардын саны боюнча тайлык ырчы жана модель Лиса Манобан, австралиялык модель Мейка Вуллард жана тайвандык ырчы Чжоу Цзыюйдан озуп биринчи жолу рейтингдин сап башына чыкты.
Ошол эле учурда Израилдин ажарлуу деп эсептелген актрисасы Галь Гадот тизмеде 21-орунда калган.
Авторлор рейтингдин баары субъектвдүү болорун эскертип, жыйынтык көптөрдү канааттандырбай калышы мүмкүн экенин айтышты. Ааламдын сулуу жүзү 125 миң талапкерден тандалганы белгилүү болду.