Бишкекте коронавируска чалдыккандарды жаткырганга 500дөн ашык орун бар

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында бош орундар көп. Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын урологиялык борборунан да көбүрөөк табууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы ооруканаларда коронавирус жуктурган бейтаптарды жаткырганга 539 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымат саат 14:00гө карата алынды.
Кошумча маалымат алуу үчүн ооруканалардын картасында көрсөтүлгөн телефондорго чалууга болот.