"Ала-Тоо" аянтынан бир тонна гана таштанды чыгарылды. Сүрөт

Быйыл башкы аянтта концерттик программа уюштурулуп, салют атылган жок. Анткен менен майрамдап сүрөткө түшкөнү келгендер болду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык майрамдан кийин бир тонна гана таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэрия "Тазалык" муниципалдык ишканасына таянып билдирди.
Учурда калаа боюнча штаттык режимде 537 киши иштеп жатат.
"Быйыл аянттан таштанды алда канча аз жыйналды, болгону бир тонна", — деп айтылат билдирмеде.
Эске салсак, быйыл башкы аянтта концерттик программа уюштурулуп, салют атылган жок.