Сокулуктун Орок айылындагы мушташтан үчөөнө ок тийип, бирөө бычак жеди

Кылмышка шектелип 50 жаштагы И. Э. кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Сокулук районунун Орок айылында 30-декабрга караган түнү адамдар мушташып, анын айынан үчөөнө ок тийип, бирөө бычак жеди. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, саат 21:00 чамасында Бишкектеги ресторандардын биринде 52 жаштагы А. А. аттуу киши менен 50 жаштагы И.Э. жаңжалдашкан. Алар мушташып кеткенде жанында отурган туугандары бөлүштүрүп калган.

"Арадан бир нече саат өткөндөн кийин И.Э. ресторанда жаңжалдашкан кишинин Орок айылындагы үйүнө досторун ээрчитип келген. Анын короосунун дарбазасын талкалап, 52 жаштагы кишини жана анын 27 жаштагы баласын сабаган. Андан соң уулу куралын алып чыгып асманга аткан. Мушташтын кесепетинен төрт киши Бишкектеги ооруканага жеткирилген", — деп билдиришти милициядан.

Бишкекте милиционерлер менен жарандар мушташкан окуянын видеосу
Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Аталган кылмышка шектелип 50 жашатагы И. Э. кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан сырткары, милиция окуя болгон жерди тинтип, ок атуучу куралды 12-калибрдеги огу менен табышкан. Жагдайдын чоо-жайын териштирүү үчүн ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.