Смартфонду "талкалап" кирип кеткенин кантип билүүгө болот. Кеңештер

Адистер хакерликтен коргонуу үчүн тиркемелерди ишенимдүү булактардан гана орнотуп, тааныш эмес компьютерлерге туташпоону сунуш кылышат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Смартфонду талкалап кирип, ичиндеги маалыматтар каралып жатканын кантип билсе болорун РИА Новости "Интеллектуалдык резерв" компаниясынын директору Павел Мясоедовго таянуу менен жазды.

Смартфон мындай учурга кабылганда жай иштеп, катып, аккумуляторунун кубаты бат эле түгөнүп калат. Телефонго чабуулду көбүнчө смартфонго зыяндуу программаны байкатпастан орнотуп туруп кылышат.

"Мындай программалык камсыздоо телефонго интернет аркылуу же башка бирөөнүн компьютерине туташканда кирет. Маселен, расмий эмес тейлөө борборунда телефон каратууда кириши мүмкүн", — деген адис.

Хакерлер кантип Instagram-аккаунтту талкалап, телефонду аңтарышат
Эксперт кошумчалагандай, чабуул койгондор өздөрүнө ылайыктуу программаларды иштеп чыгып, телефонго жашыруун киргенге аракет кылышат. Алгач телефондо хакерликтин белгилери байкалбашы мүмкүн, бирок тиркеме, банктардан жана социалдык тармактардан келген билдирүүлөр кабар берет. Кийинчерээк гаджеттин иши начарлап, талкалап киришкени ачык-айкын болуп калат.

Смартфонду чыгаргандар хакерликтен коргонуу үчүн тиркемелерди ишенимдүү булактардан гана орнотуп, тааныш эмес компьютерлерге туташпоону сунуш кылышат.

Эгер телефон талкаланган деген кооптонуу болсо аппараттын өндүрүүчүсүнө же сатуучусуна чалуу керек. Адис кайсы жактан телефонго туура диагноз коюп, тазалоого болорун айтып берет.