Колтук шишип, манжа жооноюп... Өпкө рагынын сейрек белгилери аталды

Өпкө рагынын сейрек кездешүүчү белгилерине тамак жутуудагы кыйынчылыктар, үндүн кырылдашы, көкүрөк менен далынын дайыма оорушу да кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Колтуктун ойдуңундагы шишиктер жана шишимик тарткан жерлер өпкө рагынан кабар берет. Бул тууралуу РИА Новости чет элдик адистерге таянуу менен жазды.

Макалада айтылгандай, мындай шишиктердин колтукта жана моюнда болушу оору лимфа түйүндөрүнө жеткенинен кабар берет.

Ошол эле учурда лимфа түйүндөрү инфекциялык оорулар учурунда да чоңоюп кетиши мүмкүн.

"Дарыгер текшерип, бир нече анализ жасамайынча шишик эмне себептен пайда болгонун так айта албайбыз", — деген дарыгер.

Өпкө рагынын сейрек кездешүүчү белгилерине манжалардын жооноюп кетиши, тамак жутуудагы кыйынчылыктар, үндүн кырылдашы, бет же моюндун шишип кетиши, көкүрөк менен далынын дайыма оорушу кирет.