Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө

Sputnik

Бул ирет белгилүү режиссёр Дооронбек Садырбаевдин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде тарткан "Акбаранын көз жашы" фильмине кайрылдык.

Кинокартина негизинен Алайдагы Жошолу тоолорунда жана Казакстандын талааларында тартылып, анын сценарийин Дооронбек Садырбаев жазып, операторлук кызматты Евгений Барышников менен Айбек Жангазиев аткарган.

Мелис Убукеевдин дипломдук иши болгон. "Тайгак кечүүдөгү" ирмемдер
Фильмде адам, жаратылыш, жапайы жаныбарлар бири-бири менен тыгыз байланышканын, эгер жер бетинде жашагандар айлана-чөйрөгө, аны байырлаган жандыктарга аяр мамиле кылбаса, аягы каргаша менен бүтө тургандыгы баяндалат. Киночулар ал маселени ачып берүү үчүн жайлоодо мал баккан Бостон менен Базарбайдын жашоо-турмушун, ортодогу мамилесин жана жашоого болгон көз караштарын ортого салган. Кинофильмде колдонулган Акбара жана Ташчайнар деп аталган эки карышкырды атайын Россиядан алып келишип, кичинекей баланын ролун аткара турган бир жарым жаштагы чүрпөнү узак убакыт издешкен.

Кинокартинада Советбек Жумадылов, Рахиля Машурова, Жамал Сейдакматова, Дүйшөн Байдөбөтов, Арсен Өмүралиев, Назира Мамбетова, Альгимантас Видугирис, Бусурман Одуракаев, Турсун Уралиев өз ролдорун ийине жеткире аткарган.

Дооронбек Садырбаевдин эмгеги Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгына карата тартылып, ага жарым жылдай убакыт жана 300 миң рублге чукул каражат кеткен. Кийин Ош, Фрунзе, Москвадагы кинотеатрларда көрсөтүлүп, залда бош орун калган эмес дешет.

 

 

1 / 11
Фильмге тартылган эки карышкыр Москва шаарындагы зоологиялык базадан алып келинген
2 / 11
Башкы каарман Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана анын балта көтөргөн келинчеги (Жамал Сейдакматова)
3 / 11
Алайдын бийик тоолорунда иштеген киночулар
4 / 11
Советбек Жумадылов менен казакстандык актриса Рахиля Машурова боз үйдө чай ичип отурган учуру
5 / 11
"Акбаранын көз жашында" бөлтүрүктөрдү уурдап кеткен Базарбай
6 / 11
Камерага түшкөн жырткыч жаныбарлар дайыма адистердин коштоосунда болгон
7 / 11
Камера кармаган Айбек Жангазиев, Евгений Барышников жана режиссёр Дооронбек Садырбаев
8 / 11
Мамлекеттик кызматкерлердин алдында элдин, жаратылыштын таламын талашкан Бостон
9 / 11
Фильм негизинен Ош облусунда жана Казакстандын талааларында тартылган
10 / 11
Бостон жалгыз уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде
11 / 11
Киши колдуу болгон Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана аны жоктогон келинчеги