Балыкчыда 28 млн. сомдук клиника-диагностикалык комплекс курулмай болду

Медициналык комплекстин курулушун меценат Мирлан Исагалиев каржылай турганы айтылды. Долбоордун болжолдуу сметалык наркы — 28 миллион сом.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Балыкчы шаарында көп тармактуу клиника-диагностикалык, медициналык комплексин куруу үчүн капсула салынды.

Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, меценат Мирлан Исагалиев, Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу, шаардык аймактык оорукананын башчысы Талант Жумагазиев жана ардагер дарыгерлер, медиктер, жергиликтүү жашоочулар катышкан.

Чогулгандарга медициналык комплекстин долбоору көрсөтүлгөн. Медициналык комплекстин курулушун меценат Мирлан Исагалиев каржылай турганы айтылды.

Долбоордун болжолдуу сметалык наркы — 28 миллион сом.