Артем Новиков жаңы жыл майрамында коопсуздукту сактоо боюнча кеңешме өткөрдү

Жаңы жыл алдындагы массалык майрамдоо жайлары көзөмөлдөнүп, өрт коопсуздугу, пиротехниканы пайдалануу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. – Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Артем Новиков жаңы жыл майрамында коопсуздукту сактоо боюнча кеңешме өткөрдү

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 30-декабрында укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө режимине өткөн. Анын алкагында маанилүү стратегиялык объектилерди жана мамлекеттик чек араларды кайтаруу күчөтүлдү.

Жаңы жыл алдындагы массалык майрамдоо жайлары көзөмөлдөнүп, өрт коопсуздугу, пиротехниканы пайдалануу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактыларына жол берилбеши керек. Алар кызматын так, сыпайы аткарып, ар кандай чагымчылдыкка алдырбоолору зарыл", — деди Новиков.

Күч органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.