БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Эски аянтта Жаңы жыл алдында милициянын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара жаңы жыл майрамын өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулду. ИИМ башчысы Улан Ниязбеков президенттик шайлоодо жана үгүт иштери учурунда да коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоону талап кыларын айткан.
Гарнизондук саптык кароого ИИМдин Ички аскер коопсуздук кызматынын жоокерлери, "Шумкар" атайын багыттагы полкунун, ЖКККББнын, Күзөт кызматынын милиционерлери, Бишкек ШИИББдин жана Чүй ОИИББдин аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Бүгүн, 30-декабрдан тарта, 1-январга чейин ИИМдин өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөй турганы белгиленди.