UFC жеңишин өзгөчө майрамдаган мушкерлерди атап, тизмеге Шевченкону кошту

Тизмеге биринчилерден болуп кыргызстандык Валентина Шевченко кирген. Промоушен төрт мушкерди сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) промоушендеги жеңишин өзгөчө майрамдаган мушкерлерди атады. Алардын видеосу UFC Russia уюмунун Instagram баракчасына жарыяланды. 

UFC роликтин башына кыргызстандык Валентина Шевченкону койгон. Ал чемпиондук наамын ийгиликтүү коргогондон кийин салт катары лезгинка бийлеген.

Уюм Валентинадан сырткары молдовалык мушкер Александр Романовду кошкон. Лас-Вегастагы мелдеште Кинг-Конг атыккан молдовалык спортчу насаатчыларын көтөрүп чаап сүйүнгөн.

Мыктылардын сабынан нигериялык Исраэль Адесаньяны көрүүгө болот. Мушкер атаандашы Поулу Костаны утуп, брейк-данстын элементтерин көрсөткөн жайы бар.

UFC ошондой эле жарым орто салмактагы америкалык Майк Перрини белгилеген.