Шотландиялык кыз Барби атка конуп, ийгилик сыры менен бөлүштү

Жаш кыз чачы табиятынан эле көлөмдүү экенин, күнүмдүк жашоодо ачык макияж жасаарын айткан. Элизабеттин 45 жаштагы апасы да моделдердей.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Шотландиянын борбору Эдинбургдун жашоочусу Элизабет Смит социалдык тармакта Барби атка конуп, жылдыз болууда. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

20 жаштагы кыз аны көптөр пластикалык операция жасатып алган деп шектенерин айткан. Анткен менен келишимдүү мүчөсү тукумунан экенин билдирген.

"Эл мени тирүү Барби дейт. Өзүм окшоштуктарды көргөн жокмун, муну жылуу сөз катары эле кабыл алам. Чачым менен макияжым көңүл бурдуртат деп ойлойм", — деген ал.

Жаш кыз чачы табиятынан эле коюу экенин, күнүмдүк жашоодо ачык макияж жасаарын айткан.

Макалада Элизабеттин 45 жаштагы апасы Луиза сегиз бала төрөсө да моделдердей көрүнөрү, кызы аны тартканы кошумчаланган.