БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Аралыктан окуган балдардын көзүнүн көрүшү болжол менен 1,5 эсе тезирээк начарлайт. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Кытай окумуштууларына таянуу менен жазды.
Вэньчжоу медициналык университетинин кызматкерлери 10 жылдан бери ар алты ай сайын кароодон өткөрчү долбоордун алкагында миллиондон ашуун окуучунун көзүнүн көрүүсүн текшерген. Окумуштуулар 2019-жылдын июнь-декабрь айындагы жана быйылкы январь-июндагы маалыматтарды салыштырган. Натыйжада карантин шартында окугандардын алысты көрүүсү (миопия) болжол менен бир жарым эсеге начарлап кеткени аныкталган.
Офтальмологдордун айтымында, адамдын оптикалык системасы алты жашка чейин жакшырып, ал эми болжол менен 10-12 жашында толугу менен калыптанат. Адам алысты караганда көз өз калыбында тынч эс алат. Ал эми балдар карантинде убактысынын 90 пайызын экран алдында өткөрүшү көрүүнүн начарлоосуна түздөн-түз таасир этүүдө.
Ошондуктан тобокелчиликтерди азайтуу үчүн окулисттер окуу учурунда компьютерден бир саамга оолактап алысты карап турууга кеңеш берет. Ал эми окуу бүткөндөн кийин телефон, планшетти такыр колдонбоо керектигин айтат. Жадагалса телевизор көрүүдөн баш тартып, китеп окуунун убактысын чектеш керек. Анын ордуна балдарды көчөгө чыгып ойношуна шарт түзүүнү сунуштайт.