"Кыргызстан сулуусу" болгон кыз Садыр Жапаровдун тууганыбы? Уюштуруучунун жообу

Конкурса катышууга 150 талапкер ниеттенип, анын ичинен жарым финалга 80 кыз чыккан, ал эми финалда 31 бийкеч ат салышты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы ресторандардын биринде кечээ, 29-декабрда, "Кыргызстан сулуусу - 2020" сулуулук сынагы өттү.

Конкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова алгач тандоо туруна 150 талапкер келгенин билдирди. Андан тандалып жарым финалга 80 кыз чыса, ал эми финалда 31 бийкеч ат салышкан.

Жыйынтыгында 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева сынактын баш байгесине ээ болду. "Биринчи вице-мисс" титулу Алтынай Ботояровага, экинчи вице-мисс Алина Болотбековага буйруган.

"Сынактын жеңүүчүсүнө баш байгеге BMW X5 автоунаасы берилди. Алтынай кийинки жылы "Дүйнө сулуусу" эл аралык конкурсуна өлкө атынан катышат. Алина болсо Египетке эс алууга жолдомо утуп алды", — деди Намазбекова.

Ал арада социалдык тармактарда Лаззат президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун бир тууганы Дөөлөтбек Жапаровдун кызы экени талкууга түштү.

"Кыргызстан сулуусу" болгон кыз Садыр Жапаровдун тууганыбы? Уюштуруучунун жообу
"Лаззаттын президенттикке талапкер менен тууганчылыгы боюнча айтсам, ал ийгиликтүү модель, көп жылдан бери улуттук сулуулук сынактарына катышып келет. 2016-жылы "Бишкектин топ-модели" титулун алган. Былтыркы сынакка катыша албай калган. Быйылкыга пландаган экен. Сынактын кастингдери сентябрда өткөнүн, ал эми өлкөдө саясий окуялар октябрда болгонун белгилеп кетким келет", — деди Намазбекова.

Учурда Лаззат Нуркожоева Кыргыз юридика академиясында үчүнчү курста окуйт. Окуудан сырткары ал таэквондо менен алектенет.