Өсүмдүк майы, шекер, картошка... Өзгөчө кымбаттаган товарлардын тизмеси

Өлкөдө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы декабрдан тарта байкаларлык кымбаттады. Өзгөчө, өсүмдүк майы, кумшекер жана картошканын наркы көтөрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитети жыл башынан бери Кыргызстанда кайсы товарлар канча пайызга кымбаттагандыгы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу өсүмдүк майы, кумшекер жана картошка кымбаттады.

Кымбаттоолор:

  • өсүмдүк майы — 32,2 пайызга;
  • кумшекер — 29,5 пайызга;
  • картошка — 29,0 пайызга;
  • жаңы союлган эт — 21,9 пайызга;
  • гречка акшагы — 16,7 пайызга;
  • ун — 15,8 пайызга;
  • макарон азыктары — 12,9 пайызга;
  • жумуртка — 12,9 пайызга;
  • бал — 10,3 пайызга;
  • ышталган балык — 6,3 пайызга;
  • алкоголсуз суусундуктар — 5,8 пайызга;
  • күрүч — 4,4 пайызга;
  • сүт — 3,7 пайызга;
  • нан — 3,5 пайызга;
  • сыр — 3,3 пайызга.

Анткен менен айрым азык-түлүктөрдүн баасы арзандаган. Алардын катарында тоок эти, тоңдурулган балык, таруу, туздалган бадыраң, туз сыяктуу азыктар бар.

Эске салсак, Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы декабрдан тарта байкаларлык кымбаттады. Ал эми өкмөт баанын өсүшүн токтотууга алы жетпей жаткандыгын айтууда.