Мэрдин милдетин аткаруучу бир нече район Бишкектин карамагына өтөрүн айтты

Башкы план боюнча, Аламүдүн жана Сокулуктагы айрым райондор Бишкектин карамагына өтө турганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Өкмөттүн токтому жана мэриянын макулдугу менен 2025-жылга чейин борбор калааны кеңейтүү иштери аякташы керек. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал бүгүн, 30-декабрда, журналисттерге маалымат жыйын өткөргөн.

"Башкы план боюнча, Аламүдүн жана Сокулуктагы айрым райондор Бишкектин карамагына өтөт. Мен билгенден шаар бир топ эле кеңейет. Ошондо калаа четиндеги жаңы конуштар шаарга кирип калат", — деди Түлөбаев.

Ал шаарды чоңойтуу иштери негизи 2025-жылга чейин бүтүшү керектигин айтып, бирок жумушту дагы тездетүү үчүн өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.