Башкы прокуратурага Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдордун үстүнөн арыз түштү

Арыздануучу Жээнбековдордун сыртка чыгуусуна тыюу салып, мүлкүн камакка алуу менен ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөнү өтүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаров башкы прокурор Курманкул Зулушевдин атына экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана депутат Асылбек Жээнбековго каршы арыз менен кайрылды.

Буга чейин соцтармакка Капаровдун президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган ачык арызы тараган.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Капаров Жээнбековдорду шалаакылыкка жана акча ыйгарып алууга айыптап жатат. Анын пикиринде, жарандардын массалык түрдө вирус жуктурганына экс-президент жоопкер.

"Бир тууган Жээнбековдордун сыртка чыгуусуна тыюу салып, мүлкүн камакка алуу менен ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөнү суранам. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбековду "экс-президент" макамынан ажыратууну өтүнөм", — деп айтылат Капаровдун арызында.

Капаров арызында Сооронбай Жээнбеков Ош облусун жетектеп турган кезде (2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин) бир тууганы Асылбек Жээнбеков менен биргеликте Убактылуу өкмөт тарабынан коомдук тартипти сактоого жиберилген каражатты өздөрүнө ыйгарып алганын айтып, июнь окуяларында иш ордун таштап кеткенин белгилеген. 

Асылбек Жээнбеков октябрь окуясынан кийин алгачкы жолу ЖК жыйынына келди. Видео
“Жээнбеков облуска губернатор болуп турганда жарандарга трансформацияланган жерлердин инфраструктурасы өнүгөт деп убадалаган. Бирок бөлүнгөн үч миллиардга жакын каражат жоголуп кетти. Эч нерсе жасалган жок”, — деген Капаров.

Ал эми экс-президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбековду Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган кезде Бишкек ТЭЦти реконструкциялоого алынган кредит боюнча келишимди ратификациялаганы үчүн айыптаган. Арыздануучу Асылбек Жээнбековдун аракеттерине юридикалык баа берүүнү өтүнүүдө.

Башкы прокуратура Капаровдун арызы каралып жатканын маалымдады.