Соцфонддун жаңы жетекчиси Бактияр Алиевдин өмүр баяны

Соцфонддун төрагасы болуп шайланган Бактияр Алиевдин өмүр баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Таржымалынан" окуңуздар.
Sputnik

Алиев Бактияр Жеңишбекович — 1978-жылы Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында төрөлгөн.

Билими:

  • 2000-жылы Ош технологиялык университетинин финансы жана кредит адистигин аяктаган.
  • 2017-жылы Кыргыз экономика университетин аяктап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.

Ишмердүүлүгү:

  • 1999-2000 — Өкмөттүн алдындагы финансылык көзөмөл инспекциясында (азыркы Эсептөө палатасы) инспектор;
  • 2000-2001 — "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКсында жетектөөчү адис;
  • 2001-2009 — Социалдык фонддо жетектөөчү адис, бөлүм башчы, бөлүм башчынын орун басары;
  • 2009-2020 — Коомдук телерадио корпорациясынын коммерциялык жана каржы бөлүмдөрүндө эмгектенген.
  • 2020-2021 — Коомдук телерадио корпорациясынын директору;
  • 2021-жылдын 18-октябры — Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды.