Балдардын жомок каармандарына ишенүүсүнө тыюу салбаш керек. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бөбөк алты жашка чейин критикалык ой жүгүртө албагандыктан, көргөн, уккан нерсесин түз кабыл алат.
"Балдар табиятынан логикалык ой жүгүртүүчүлөр жана кыялкечтер деп экиге бөлүнөт. Кыялкеч бөбөктөр жомок каармандарына өзгөчө ишенип, окуянын андан аркысын өз фантазиясы менен улап кете алышат. Мындай балдар жомок каармандарына 10 жашка чейин эле ишене беришет. Ал эми логиктер так бир нерсеге негизделген окуя болбосо уккулары келбейт. Мисалы, "Аяз Ата жок да" деп айтышат. Аларга Аяз Атанын жаралуу тарыхын жомок сыяктуу кылып айтып берген туура болот. Балдар алты жашка чейин критикалык ой жүгүртө албагандыктан, уккан жомоктогу оң, терс каармандарды дал ошондой кабыл алышат. Жашоодо деле ошондой, көргөнүн, укканын ошондой түшүнүшөт. Андыктан өзгөчө бул куракка чейин алардын аң-сезимин жакшы, туура нерселер менен сугаруу керек. Жомок каармандарына же Аяз Ата сыяктуу башка каармандарга ишенген балдарды андай нерсе жоктугун кесе айтып, какпаш керек. Тескерисинче, күндө жомок айтып берсек баланын иммунитети да жогорулайт", — деди Батырбекова.
Психолог жомок угуп чоңойгон наристелер чоңойгондо жашоосунда кездешкен көйгөйлөргө туруштук бере аларын кошумчалады.