Мээни чагат. Япониялык математиктин оптикалык иллюзиясынын видеосу

Япониялык математик Кокичи Сугихара атактуу "Шредердин тепкичинин" үч өлчөмдүү (3D) моделин тартуулап, оптикалык иллюзия менен таң калтырды.
Sputnik

Анын бул эмгеги жыл сайын өтүүчү "Жылдын иллюзиясы" эл аралык конкурсун жеңип алган. Чыкканына дээрлик 200 жыл болгон эки өлчөмдүү иллюзия жөнүндө 3D видео YouTube каналында пайда болду.

Мээсинен жөжө чыгып... Интернетти чочуткан художниктин видеосу
Математиктин эски оптикалык иллюзияны заманбап жол менен жаңылап чыкканы мурункудай эле көргөн баш катырма бойдон калган.

Иллюзия негизи өтө жөнөкөй. Үч өлчөмдүү тепкич чындыгында сүрөттөгү көрүнүштөй эмес, негизги сыр анын көлөкөсүндө катылган.

"Шредердин тепкичи" деген аталыш натуралист Гернрих Г.Ф.Шредердин урматына коюлган.