УКМК: ЖК депутатынын Бажыдагы бир тууганы пара алып жатып кармалды. Сүрөт

Колго түшкөн 48 жаштагы К.М.А. Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн акча сураган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажылык жол-жоболоштуруу тобунун башкы инспектору 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, колго түшкөн 48 жаштагы К.М.А. Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча талап кылган.

К.М.А. Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы экени белгиленди.