Түлөбаев Бишкекке чоң бульвар салына турганын айтып, видеосун көрсөттү

Видеодо көрүнүп тургандай, курула турчу эс алуу жайы Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишинде жайгашат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ордо калаада эң чоң бульвар салына турганын Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

"Бишкекке эң чоң бульвар салабыз" , — деп жазган ал.

Түлөбаев курула турчу бульвардын эскиз видеосун да жарыялады.

Анда көрүнүп турандай, эс алуучу жай Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишинде жайгашарын, бульвар космос түрүндө жасалганын байкоого болот.