Улам көргүң келет! Аралаш мушташтагы эң мыкты нокауттардын топтому

Материалда бир нече уюмдун спортчуларынын көз кандырган нокауттары топтолгон. Алардын арасында, албетте, Абсолюттук мушкерлер уюмунан ирмемдер да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Быйыл аралаш мушташ спортунда эң мыкты нокауттардын ээси ким болгонун Р-Спорт агенттиги жазды.

Басылма материалда бир эле уюмдун мушкерлеринин кызыктуу кармашы берилип жатпаганын айтты.

UFC уюмунун оор салмактагы белгилүү мушкери Фрэнсис Нганну 20 секунданын ичинде Жаирзиньо Розенструйкту сулата чапканы фанаттардын эсинде калды.

Америкалык мушкер Кевин Холланд бразилиялык атаандашы Роналду Соузаны баш жакка уруп, андан кийин сокку артынан сокку жиберген. Холланд бул кармаштан соң UFC рейтингиндеги орточо салмактагы 10 мыкты мушкердин катарын толуктаган.

Дана Уайттын шоусуна катышкан чилилик Игнасио Бахамондес америкалык Эдсон Гомести түптүз туруп тумшук тарапка тээп утуп, UFC уюму менен келишим түзүп кеткен.

Чечен спортчу Мамед Халидовдун секирип туруп англиялык Скотт Аскхэманы тепкенин да тажабай көрүүгө болот. Бул ардагер спортчуга KSW уюмундагы бел курун кайтарып алууга мүмкүндүк берген.

ACA турниринде россиялык Магомед Бибулатов бразилиялык Родриго Прайяны бурулуп тээп, кулатканы да сейрек нокауттардын бири болуп калды.

"Учкан тизелер" тууралуу уктуңуз беле? Bellator уюмунда күч сынашкан америкалык Саба Хомаси атырылып келе жаткан каршылашын бутун көтөрүп тосуп алган. Ошентип беттеш мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган.