КРдин атынан чыккан балбан Лазаревди Якутия башчысы 900 миң рубль менен сыйлады

Якутиялык легионер Дүйнө кубогунда байгелүү орунга жетишкен. Ал азербайжандык Жамаладдин Магомедовду 11:0 эсебинде утуп, коло медалга татыган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Якутиянын башчысы Айсен Николаев эл аралык мелдештерде Кыргызстандын атынан чыгып жүргөн эркин күрөштүн балбаны Айаал Лазаревге сыйлык тапшырды. Бул тууралуу "Якутия24" басылмасы жазды.

Спортчу бул сыйлыкка Сербиядагы Дүйнө кубогундагы ийгилиги үчүн татыган.

Мамытов Дүйнө кубогу мелдешин уткан балбандарды сыйлады. Сүрөттөр
Якутиялык легионер Дүйнө кубогунда байгелүү орунга жетишкен. Ал азербайжандык Жамаладдин Магомедовду 11:0 эсебинде утуп, коло медаль алган. Спортчуга Якутиянын башчысы Күрөш федерациясынын отчеттук конференциясы маалында жалпы суммасы 900 миң рублдик акчалай сыйлыктын сертификатын тапшырды.

Эске салсак, өткөн жумада президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды багындырган Күрөш федерациясынын машыктыруучуларын жана спортчуларын кабыл алган. Ал жолугушууга Айаал Лазарев катыша албай калган.