2020-жылдын башынан баштап эле шоу-бизнестин өкүлдөрү иштебей отурду. Азыр гана жумуш бир аз жанданганы болбосо, өткөн жылга салыштырмалуу чоң тыным, жоготуулар болду. Мындай пикирин Урмат Усенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пандемия учурунда Кыргызстандын Маданият министрлиги жасагандай жумушту башка өлкөлөр кылган жок.
"Учурда өкмөт тарабынан маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып жатат. Бул пандемия, карантиндик чаралар бир гана мамлекет үчүн керек эмес. Ар бир адам өзү үчүн жоопкерчиликтүү болсо жакшы болот эле. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги пандемия учурунда эпидемиологиялык абалды сактоого терең көңүл бөлүп жатты. Бул жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эриш-аркак жылда боло турган жана бул жактагы башка маданий иш-чаралар толук онлайн түрдө өттү. Азыр маданий жайлар ачылып, белгилүү бир алгоритмде иштеп жатат. Ал эми айрым ырчылардын минималдуу шартта онлайн-концерти болду. Негизи аралыктан өткөн концерттерден деле артисттин мурдагыдай эле киреше табууга мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, бул автордук укуктун корголушу менен ишке ашат. Бизде, тилекке каршы, автордук укук корголбойт. Эгер онлайн-концерт өткөрсөк, биз чыгымга гана учурайбыз", — деди Усенов.
Ырчы калк онлайн-форматка көнүп калганын жана акырындап аралыктан концерт көрүүгө элди үйрөтүп алса болорун кошумчалады.