КР тикмечилерине Россияга товар алып кирүүдө жаңы талап коюлду

Экономика министрлиги ата мекендик экспортчуларга текстилдик товарларды алып чыгуудан мурда маркалоо маселелерин чечип, Россиядагы импортчулар менен маселени такташып алууну сунуштап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. 2021-жылдын 1-январынан тарта Россиянын аймагына киргизилген жеңил өнөр жай товарлары милдеттүү маркалоодон өтүшү керек. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен билдиришти.

Мындай чечим 2019-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешмесинде кабыл алынган.

Кайсы товарлар маркаланышы керек:

  • таза жана аралаш булгаары кийим-кечек;
  • аялдардын блузкалары;
  • пальто, плащ, күрмө сыяктуу эркектердин кийимдери;
  • пальто, плащ, күрмө сыяктуу аялдардын кийимдери;
  • кездемеден тигилген шейшеп, сүлгү, майлык сыяктуу чарба буюмдары.

Артем Новиков ЕЭК кеңешинин соңку жыйынына катышты. Талкууланган маселелер
Мындан улам Экономика министрлиги ата мекендик экспортчуларга текстилдик товарларды алып чыгуудан мурда маркалоо маселелерин чечип, Россиядагы импортчулар менен маселени такташып алууну сунуштоодо.

Буга чейин Экономика министрлиги менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "Легпром", JIA ассоциациялары менен жыйындарды өткөрүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.

Маркалоонун максаты — Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.