Нарындагы Ала-Буга суусуна түшүп кеткен 27 жаштагы киши изделүүдө

ӨКМ кызматкерлерине Жеңиш айылындагы Ала-Буга суусуна 27 жаштагы киши түшүп кетти деген билдирүү кечээ, 27-декабрь күнү, саат 14:07де айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймагында сууга түшүп кеткен киши изделип жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Куткаруучуларга Жеңиш айылындагы Ала-Буга суусуна 27 жаштагы киши түшүп кетти деген билдирүү кечээ, 27-декабрь күнү, саат 14:07де айтылган.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук №47 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тартылып, саат 19:30та натыйжа чыкпагандыктан издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн издөө улантылат.