"Бишкек башкы архитектуранын" жетекчиси үй камагына чыгарылды

24-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев жана кылмышка шектүү дагы бир адам кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиевдин баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылмай болду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

"Соттун токтому менен Түлөбердиев 2021-жылдын 24-февралына чейин үй камагында болот", — дешти соттон.

Эске салсак, 2017-жылы Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгы, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жана мэриянын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, жер тилкесин сатуу боюнча аукционду жеңип алууда үчүнчү жактар менен соодалашканы аныкталган.

Прокуратура: Кара-Суудагы мектепти курууда миллиондогон акча желген
24-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев жана бул ишке шектүү дагы бир адам кармалган.

Аталган факты Жазык кодексинин 309-беренеси ("Коррупция") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилген болчу.