Апта ирмеми: танго бийлеген жуптардан велосипедчен аял Санта-Клауска чейин

Sputnik

Италия Рим шаарында коронавирустук инфекция жайылып жатканына байланыштуу Рождество майрамы убагында толугу менен обочолонуу режимине өттү.

Гавайинин Чоң аралында Килауэа вулканы атылып жатат.

Дүйнө элин азапка салып... 2020-жылдын жан кейиткен табигый кырсыктары
Кытайда 30 градус суукта түркүк менен бийлөө боюнча мелдеш өттү.

Президент Владимир Путин Челябинск облусунда жашаган тогуз жаштагы Диманын кыялын орундатты. Ал Кызыл аянтка келип, коньки тээп жана Россиянын президенти иштеген Кремлди көрүүнү каалаган.

Быйыл Кыргызстанда президенттик балаты майрамы онлайн форматта өтүп, балдарды мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов куттуктады.

 

1 / 17
Голуэе шаарындагы (Ирландия) соода борборунун маңдайында эки жашар София Фокс аяз атанын тумагын кийген эшек менен ойноп жатканы фотографтардын кадрына түшүп калган
2 / 17
Россиянын президенти Владимир Путин "Ёлка желаний" Жалпы россиялык акциянын катышуучусу Челябинск облусунан келген 9 жаштагы Дмитрий Ащепков менен хоккей талаасында машыгуу өткөрдү. РФ лидери жеткинчектин кыялын орундатып Кызыл аянтка алып келип коньки тептирип жана президент иштеген Кремлди көрсөткөн
3 / 17
Коронавирус пандемиясы маалында Гавана шаарынын көчө спортзалында турникке тартынып жаткан жигит. Куба, 21-декбарь, 2020-жыл
4 / 17
Гавайинин Чоң аралындагы Килауэа вулканынын атылышына күбө болгон адамдар
5 / 17
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов балдардын жаңы жылдык балаты майрамына катышты.
6 / 17
Индиянын Газиабад шаарынын Дели-Уттар-Прадеш чек арасындагы фермерлер боюнча жаңы мыйзамга каршы акция учурунда фермердин баласы трактордун үстүндө уктап жатат
7 / 17
Таиланддын Аюттайя шаарында пил бет кап таратууга жардам берүүдө
8 / 17
Иерусалимде студенттин камалышына нааразы тараптар акцияга чыкты. Ал аскер кызматын өтөөдөн расмий түрдө бошотууга уруксат алуу үчүн аскерге чакыруу пунктуна келбей койгон
9 / 17
Индонезиянын Жакарта шаарында океанариумдагы балатыны айланып жүргөн русалканын кийимин кийген дайверлер
10 / 17
Челябинскиде өткөн көркөм муз тебүү боюнча Россия чемпионатында өнөрүн тартуулап жаткан Анастасия Скопцова менен Кирилл Алешин
11 / 17
Италияда коронавирустун жайылып кетишинен кооптонуп обочолонуу режимине өтүүдөн бир күн мурун адамдар Римдин көчөлөрүнө чыгып танго бийлешти.
12 / 17
Ирактын Мосула эски шаарында Санта-Клаустун кийимин кийип велосипедчен бараткан аял
13 / 17
Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы собордо Рождество салтанаты учурунда Кудай алдында жасаган күнөөлөрүн моюнга алуу кабинетинде отурган дин кызматкери
14 / 17
Подмосковьенин Рузская Аляска айылында турган хаски тукумундагы иттер
15 / 17
Санта-Клаустун костюмун кийген киши Сиэтл шаарында Рождествого карата жасалган көчөдө балдар менен баарлашып отурат
16 / 17
Ирактын Басра шаарындагы өкмөткө каршы нааразычылык акциясынан тартылган ирмем
17 / 17
Кытайда 30 градус суукта түркүктө чимириле бийлөө боюнча мелдеш өттү