Жаңы жыл алдында 1800 абонент жарыксыз калышы ыктымал

Компания абоненттерге карызы бар-жогун текшерип алууну сунуштап, ал үчүн бир нече жол бар экенин айтып беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы 28-декабрда Бишкектеги 1800 абоненттин жарыгын аралыктан өчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Компания жарык берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн абоненттерди карыздан кутулуп, эсептерди төлөөгө чакырды.

Жаңы жылды утурлай кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жарандар электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн https://se.kg/balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек. Мындан сырткары, абоненттер сall-борборго 1209 номери аркылуу чалып же (0551) 001-209 WhatsApp номерине жаза алышат.

Каражатты терминалдар, электрондук капчыктар, банктар жана почталар аркылуу төлөөгө болот.