Президенттик балаты онлайн-форматта өттү. Сүрөттөр

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен балдарга арналган жаңы жылдык иш-чара КТРКнын түз эфиринде көрсөтүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бүгүн, 27-декабрда, президенттик балаты онлайн-форматта өтүп, ага өлкө башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов катышты. Бул тууралуу президенттин маалымыт кызматынан билдиришти.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен балдарга арналган жаңы жылдык иш-чара КТРКнын түз эфиринде көрсөтүлдү.

Президенттик балатыда Мамытов өтүп бараткан жылда дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен көптөгөн мамлекеттер жабыркап, Кыргызстанда дагы бул оору көптөгөн көйгөйлөрдү, анын ичинде билим берүү жаатында бир топ түйшүктөрдү жаратканын белгиледи.

"Бирок силер бардык кыйынчылыктарга карабастан, заманбап технологиялар менен жаңы программаларды өздөштүрүп, замандын арышынан артта калбай окуп жатканыңыздар мени абдан кубандырат. Дүйнө жүзүндө эң кымбат нерсе — бул билим. Эртең силер мамлекеттин ээси болосуңар. Бирок ал үчүн көп эмгек кылып, көп билим алышыңар керек. Жаңы жылда жаңы кыялдар менен гана чектелбестен, ошол кыялдарга жетүүгө бардык аракетиңерди жумшагыла" — деди Мамытов.

Ошондой эле ал жаңы жылда Кыргызстандын балдары мектеп программаларын өздөштүрүп, көңүлдөрүнө жаккан китептерди көп окуп, кыйышпас досторду таап, татыктуу билим аларына тилектештигин билдирди.

Президенттик балаты чыгармачыл балдар жамаатынын катышуусунда концерттик, театрлаштырылган программа менен коштолду.