ДССУ: пандемияда гонорея илдети жайылып кетиши мүмкүн

Адистердин айтымында, гонорея пандемия учурунда бир топ көбөйүп кетти. Ал тургай ооруканада дарылоодо антибиотик жардам бербей калган учурлар катталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. COVID-19ду дарылоо учурунда антибиотикти өзү билемдик менен же өтө көп колдонуу оор формадагы гонорея илдетине алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистерине шилтеме берип The Sun басылмасы жазды.

"Пандемия учурунда гонорея илдетинин көбөйүшүнө шарт түзүлүп жатат. Ал эми коронавируска кабылгандар антибиотикти көп колдонуп жибергенде вирустар ага туруштук бергенди үйрөнүп алып жатышат. Жыйынтыгында кайсы бир вирустар дарыга туруштук берип калган организмде башка вирустар деле ээн-эркин жүрө берет", — деп айтылат билдиүүдө.

Адистердин пикиринде, башка жугуштуу илдет күч алып турган кезде гонорея баш көтөрчү болсо, матуция болуп ВИЧке кабылгандардын саны бир нече эсе көбөйүп кетиши мүмкүн.

Окумуштуулар коронавирустун тарашынын ойго келбеген жолун аныкташты
Анткени учурда медицина жалпысынан коронавирус менен алпурушуп, жыныстык жол менен жугуучу ооруларга жакшы көңүл бурулбай калды.

ДССУнун маалыматына караганда, жыл сайын 90 миллион адамдан гонорея табылат. Быйыл бул көрсөткүч 17 пайызга өсүп кеткен.

Гонорея — жыныстык жол менен жуккан венерологиялык оору. Илдеттен кийин иммунитет пайда болбойт. Ошондуктан адам кайра-кайра ооруй берет. Бул илдеттен кийин көптөгөн башка жыныс оорулары (анын ичинде ВИЧ дагы бар) жана тукумсуздук пайда болушу ыктымал.