Окумуштуулар коронавирустун тарашынын ойго келбеген жолун аныкташты

Адистердин изилдөө жүргүзүшүнө Сеулда ар кайсы кабатта жашаган үй-бүлө мүчөлөрү бир эле убакта COVID-19 менен ооруп калышы себеп болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Түштүк Кореянын окумуштуулары коронавирус көп кабаттуу үйлөрдөгү желдеткич аркылуу да жайыла тургандыгын аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости Science Direct порталына таянуу менен жазды.

Бул изилдөөнү жүргүзүүгө Сеулда ар кайсы кабатта жашаган үй-бүлөлөр бир убакта COVID-19 менен ооруп калышы себеп болгон.

COVID-19га иммунитетиң болбосо иш таппайсың. Эмгек рыногундагы жаңы талап
Алгач алтынчы кабаттын жашоочусу менен туугандары жуктурганы белгилүү болсо, андан кийин вирус төртүнчү жана бешинчи кабаттардагы коңшуларынан табылган. Кийинчерээк 10-11-кабаттагы үй-бүлөлөр дагы бул илдетке кабылгандыгы белгилүү болду.

Ошол эле учурда ооруну жуктургандар бири-бири менен байланышпаганын, кээси жада калса лифт колдонбогонун жазган.

Окумуштуулар бардык квартиралар жалпы желдетүүчү системасына бириктирилгенин, вирус үйгө жуунуучу бөлмөдөгү тешик аркылуу киргенин билдиришкен.