Жалал-Абадда жүргөн Новиков тоо-кен ишканаларынын жумушу менен таанышты

Буга чейин биринчи вице-премьер өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевге бизнес чөйрөсү менен биргеликте 2021-жылга карата Жалал-Абад облусун өнүктүрүүнүн долбоорлорунун картасын даярдоону тапшырган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков тоо-кен ишканаларында болуп, алардын жумушу менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Новиков барган тоо-кен ишканалары 5-6-октябрдагы окуялардан кийин ишин жанданткан.

Ысык-Көлдө жылына 7 миңден ашык тонна эт өндүргөн комбинат курулууда
Белгилей кетсек, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абадга барган.

Ал жумушчу сапарынын алкагында бир катар өндүрүштүк жана социалдык объектилердин иши менен да таанышкан.