Россиялык эксперт долларды сатуу менен сатып алууга ыңгайлуу учурду атады

Курс Кыргызстан менен Россияда дээрлик бирдей. Бир рубль 1,1 сомдун тегерегинде бааланат. Адатта рубль курсунун төмөндөп же жогорулап кетиши сомдун курсуна таасирин тийгизет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Долларды курс 80 рублден төмөн болуп турган учурда сатып алуу керек, ал эми курс 80 рублден жогору болгондо саткан туура. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "Универ Капитал" инвестициялык тобунун капитал рыногу департаментинин аткаруучу директору Артем Тузов кабарлаган.

Эске салсак, курс Кыргызстан менен Россияда дээрлик бирдей. Бир рубль 1,1 сомдун тегерегинде бааланат. Адатта рубль курсунун төмөндөп же жогорулап кетиши сомдун курсуна таасирин тийгизет.

Октябрь окуяларынан кийин доллардын курсу жогорулап отуруп 80 сомго, өтүп бараткан жумада 84 сомго жетти.

Россияда доллар арзандап жатса, Кыргызстанда эмнеге кымбат. Улуттук банктын жообу
Тузовдун айтымында, валюта рыногунда кырдаалга жараша улуттук валютанын бирде бекемделип, бирде түшкөн процесси жүрүп жатат.

Адис белгилегендей, доллар сатып алуу үчүн курстун төмөндөгөн учуруна көз салып, карап туруш керек (азыркы курс менен алганда доллар 80 рублден, евро 90 рублден түшкөндө сатып алуу зарыл).

Ал эми валютаны доллардын курсу жогорку чегине барып калганда гана саткан оң. Доллар 80 рублден жогору болгондо, ал эми евро 93-94 рублди көрсөтүп турганда сатыш керек.

"Бирок валюта жогорулап бара жаткан учурда аны сатуунун кажети жок. Мисалы, азыр доллар 75 рубль турат. Ал эми өткөн жумада ал 72 рублге төмөндөп кеткен", — деди Тузов.

Бүгүн, 27-декабрда, Кыргызстанда доллардын курсу 82 сомду көрсөтүүдө.