COVID статистикасы: 191 киши вирус жугузуп, төрт бейтап каза болду

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 80 373кө жетип, оорудан 74 820 бейтап айыкты. Ал эми каза тапкандардын саны 1 348ге барып калды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 191 кишиден табылса, 307 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 48;
  • Ош – 5;
  • Чүй облусу – 78;
  • Ош облусу – 9;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 14;
  • Баткен облусу – 9.

Айыккандар:

  • Бишкек – 65;
  • Ош шаары – 30;
  • Чүй облусу – 85;
  • Ош облусу – 26;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 46;
  • Жалал-Абад облусу – 41;
  • Баткен облусу – 43.

Бир сутка ичинде төрт киши каза тапты. Алардын үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Баткен облусунун тургундары болгон.

Окумуштуулар коронавирустун тарашынын ойго келбеген жолун аныкташты
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 80 373кө жетип, оорудан 74 820 бейтап айыкты. Ал эми каза тапкандардын саны 1 348ге барып калды. Азыркы тапта ооруканаларда 1 261 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 369 бейтаптын абалы оор болсо, 53 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.

Кечээтен бери тогуз медиктен коронавирус табылган. Ошол эле маалда 12 ак халатчан дартты жеңип чыккан.