Жаңы жылды утурлай кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Синоптиктердин божомолу боюнча, дүйшөмбү күнү бир катар аймактарда кар жаайт. Ошону менен жаңы жылга чейин күн ачык болот.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 31-декабрь күнү бир аз кар жаашы мүмкүн экенин айтышат синоптиктер.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

28-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз жана 29-30-декабрларда эки облуста тең күн ачык болот. 31-декабрда күндүз Чүйдүн кээ бир аймактарында бир аз кар жаайт, Таласта күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу

28-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Андан кийин 29-31-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусу

28-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт. Ошондон кийин жаңы жылга чейин, тагыраак айтканда, 29-31-декабрларда күн ачык болот.

"Ала-Тоо" аркылуу түнкүсүн автоунаа өтүүгө болбойт. Кайсы күндөр экени айтылды
Нарын облусу

Теңир-Тоодо дагы 28-декабрда түнкүсүн кар жаай турганы айтылат.

Ал эми 29-31-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

1-2-январга карата Кыргызстандагы аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу

Жыл жаңырары менен Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болору айтылды.

Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.