"Афганчы" Шамырканов: 41 жыл мурун Оштон Файзабадга жеткичекти көргөн азапты унутпайм

1979-жылдын 25-декабрында СССРдин 40-армиясынын айрым бөлүгү Афганистанга кирген. 27-декабрда Советтер Союзунун чалгынчылары жана аскерлери өлкө башчы Аминди кулатып, өзүнүн тарапкери Бабрак Кармалды тактыга отургузушат. Ошентип "Чоң оюндун" жаңы этабы башталган.
Sputnik

1978-жылы Афганистанда СССРге ыктаган “Элдик демократиялык” партиянын лидерин Нур Мухаммед Тараки бийликке келет. Ал жактоочулары менен биргеликте социалисттик негизде өлкөдө реформа жүргүзүүгө аракеттенген. Бирок мындай кадамга афган коомунун басымдуу бөлүгү каршы чыкты. 1979-жылы 16-сентябрда Тараканинин көзүн тазалап, орун басары Хафизулла Амин тактыны ээлейт. Ал оппозицияга карата аёсуз репрессия жүргүзгөн. Элдин арасында ага каршы нааразылык күчөп, жарандык согуш башталат. Өкмөт Москвага көмөк сурап кайрылып, 25-декабрда СССРдин 40-армиясынын кээ бир бөлүгү Афганистанга кирет да, “Чоң оюндун” жаңы этабы башталган.

41 жыл мурун 24-декабрда Ош калаасында жайгашкан Псков атындагы 860-өзүнчө мотоаткычтар полкуна Ош — Хорог — Файзабад маршына чыгууга буйрук келет. Ушул күндөн баштап "Чоң оюнга" 860-полк катышууга аргасыз болгон. Бул аскердик бөлүк Чыгыш Памирдин асман мелжиген бийик ашуусунан далай азап тартат. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог калаасына үч күндө жетишет. Тилекке каршы, булардын мындай эрдиги дүйнөлүк тарыхта көп чагылдырылган эмес. 1980-жылы 10-январда 860-полк маршын улантып Түндүк Афганистандын Бадахшан чөлкөмүнө кирет. Бул жортуул 1988-жылы 21-июлда гана токтойт. Колумнист Алмаз Батилов 860-полктун офицери, отставкадагы полковник, афган согушунун ардагери, СССРдин экинчи даражадагы "Аскердик күжүрмөндүк" медалынын ээси Азамат Шамырканов менен маектешкен.

"Афганчы" Шамырканов: 41 жыл мурун Оштон Файзабадга жеткичекти көргөн азапты унутпайм

— Псков атындагы 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунда кандайча кызмат өтөп калдыңыз эле?

— 1979-жылы Новосибирск калаасындагы жогорку аскердик-саясий жалпы командачылык училищесин бүтүрдүм. Андан соң командачылык Ош шаарында жайгашкан ушул полкко бөлүштүрдү. Бул аскердик бөлүктө кыргызстандык офицерлер Жумалы Кубатов, Таалайбек Садыров, Александр Болотин, Александр Рубанов, Насипбек Абдыбеков жана башка прапорщиктер бар экен. Мындан сырткары, кыргызстандык жоокерлер да бар эле.

— Ошол эле жылы декабрь айынын аягында Афганистандагы согушка катышам деп ойлобосоңуз керек?

— Жок. Мен эле эмес, жалпы полктошторумдун оюна такыр келген эмес. Адаттагыдай аскердик бөлүгүбүз машыгууга чыгып, турмушубуз күндөгүдөй эле жайбаракат нукта өтүп жаткан. Бирок 15-декабрдан баштап полкто бир жакка машыгууга барат экенбиз деген сөз жүрө баштады.

"Афганчы" Шамырканов: 41 жыл мурун Оштон Файзабадга жеткичекти көргөн азапты унутпайм

— Афганистанга карай маршка чыгуу тууралуу буйрук кайсы күнү берилди?

— Буга чейин полкко жергиликтүү резервисттер кошулган болчу. 23-декабрда даярдануу жөнүндө буйрук келди. 24-декабрда полк аскердик техника жана артиллерия менен Памирди аралап Афганистанга жолго чыкты. Алай районунун Сары-Таш шаарчасында бир аз эс алдык. Чилденин учуру эле, абдан кыйналдык. Чыгыш Памирдин он ашуусунан өттүк. Талдык ашуусунан өтүп жаткан учурда серпантин көп болгондуктан колоннанын аягы көрүнбөй калып жатты. Ылдый жакты карагандан коркосуң. Ошондой эле Ак-Байтал ашуусунан өткөндө аябай запкы тарттык. Бул ашуунун бийиктиги деңиз деңгээлинен 4655 метр бийиктикте.

Тиктешкен моджахед, орусча сөгүнүп аман калган жоокерлер... "Афганчылардын" окуясы
Кээ бир ашууда бороон-чапкындан улам жол тайгак болуп көрүнбөйт. Мындан улам офицерлер алдыга басып чыракты күйгүзүп же желекчелер менен булгалап механик-айдоочуларга жол көрсөткөн учурлар болду. Мындан сырткары, БМП же БТРдин люгунан башыбызды чыгарып, колубузду механик-айдоочулардын башына коюп, алардын башын жолдун багытына жараша буруп, жол көрсөткөнгө туура келди. Көп полктошум бети-колун, буттарын үшүккө алдырып жиберген эле. 26-декабрда Мургаб районунда бир күн дем алдык. Бул райондогу кыргыздар бизди тосуп сыйын көргөздү. 27-декабрда эртең менен чыгып, кечинде Хорог шаарына жеттик. Негизгиси, марштын маалында ар түрдүү кыйынчылыктарга карабастан бир да аскер жана техниканы жоготкон жокпуз. Бир жумага жакын дем алдык. Жаңы жылды ошол жерден тостук. 10-январда маршты улантып Тажикстандын Ишкашим кыштагы аркылуу совет-афган чек арасын өтүп Афганистандын Бадахшан чөлкөмүнө кирдик.

"Афганчы" Шамырканов: 41 жыл мурун Оштон Файзабадга жеткичекти көргөн азапты унутпайм

— Жолдо тамак-аш жагы кандай болду?

— Адегенде гүлазык жедик. Андан соң кыска убакытка эс алып турган учурда полктун тыл чарбасы талаа ашканасын пайдаланып ысык тамак менен камсыз кылды.

— Сиз үчүн согуш кайсы күнү башталды?

— Афганистанга кирген күнү эле чалгынчылардын ротасы моджахеддердин буктурмасына кабылып, бир нечеси окко учту. Мындан сырткары, дагы бир нече чалгынчы жарадар болду. 20-январда түн ичинде биздин рота биринчи ирет согушкерлер менен салгылаштык. Ошондо командирибиз ага лейтенант Александр Шварцман курман болду. Бир нече жоокер жаракат алды. Шварцмандын атасы Түркстан аскердик округунун штабында абдан таасирдүү офицер болчу. Александр ата-энесинин жалгыз уулу экен. Атасы аны Афганистанга барбай эле кой дегенине карабастан, Александр болбой көгөрүп кеткен. Шварцман жаңы эле үйлөнүп бир кыздуу болгон эле. Совет-афган чек арасынан Бадахшан аймагынын борбору Файзабад калаасына чейин болгону 300 чакырымдан ашык жол. Бирок марштын убагында козголоңчулар буктурма уюштуруп, тоонун ичиндеги кууш жолду жардырат. Полк чогулуп таш чогултуп, жолду оңдогон күндөр болду. Ошентип 28-январда Файзабад шаарына жеттик. Дагы бир айта кетчү жагдай, Оштон чакырылган резервисттердин айрымдарынан айрылып калдык. Алардын арасында жаракат алгандар да болду. Булардын бардыгы март айында гана Кыргызстанга кайтышты. Жалпысынан Файзабад калаасында үч ай турдук.

"Афганчы" Шамырканов: 41 жыл мурун Оштон Файзабадга жеткичекти көргөн азапты унутпайм

— Андан кийин командачылык сиздин батальонду Бахаракка которгон турбайбы?

— Ооба, Бахарак — уезддин борбору, тогуз жолдун тоому экен. Аны көзөмөлдөө зарыл эле. Ал жерде эски чептин ичинде жашадык. Жергиликтүү эл менен тез эле тил табышып кеттик. Өзгөчө мугалимдер, активисттер жана Афганистандын элдик-демократиялык партиясынын мүчөлөрү менен мамиле курдук. Командачылык афган калкына колуңардан келишинче жардам бергиле деген буйрук берген. Ошон үчүн ашык тамак-аш же кийимди жергиликтүү элге берчүбүз.

— Жай турмушта деле бөтөн жерге ыңгайлашуу оор эмеспи. Согуш кырдаалды бир топ эле татаалдатса керек?

— Бахарак кыштагына согушкерлер чанда гана кол салчу. Моджахеддердин көбүнчөсү коңшу айылдарда эле. Активисттер алар тууралуу маалымат берип турушчу. Алардын айтканы менен кыштактарда жашынган моджахеддерге каршы взвод, рота же батальон кирип сүрүп чыкчубуз. Согушкерлер бул уездди коёндун жатагына чейин билчү. Моджахеддер тоолуу шартта бизге каршы басмачылардын ыкмасы менен согуш жүргүздү. Айрым учурда рейд бир жумага созулчу. Ошондо суудан абдан кыйналдык. Кээ бирде таштын астында топтолгон суунун ичинде курт жүргөнүн көрчүбүз. Айла жок, ага пантексид дарысынын бир нече таблеткасын салып, тазаланган соң ичебиз. Согушта түрдүү көз карашты карманган тараптар бири-бирин аёосуз өлтүргөнүн көрүп түңүлдүк. Бул согуш улут, даража жана жашыбызга карабастан бизди бир туугандай кылып жууруду. Полктошторуң курман болгондо же жараат алганын көрүп бир топко чейин өзүңө келе албай жаман болосуң.

"Афганчы" Шамырканов: 41 жыл мурун Оштон Файзабадга жеткичекти көргөн азапты унутпайм

— Далай ирет өлүм менен бет келсеңиздер керек...

— Көп эле учурлар болду. Бир ирет Бахарак аймагындагы тоодо моджахеддерге каршы рейдде каным катып, өлүп кала жаздагам. Эки жолу эсимди жоготуп, жүрөгүм токтоп калган. Батальондун дарыгери лейтенант Сергей Остаповский жанымды алып калды. Ал рация аркылуу тик учак чакырып, Советтер Союзунун Баатыры, майор Вечяслав Гайнутдиновдун вертолету келди. Коно турган жер жок болгондуктан учкуч асканын бооруна асылып, мени эптеп ага салышты. Госпиталда бир жума дарыланып, кайтып келдим. Ичер суум бар экен. 

"Афганчы" Шамырканов: 41 жыл мурун Оштон Файзабадга жеткичекти көргөн азапты унутпайм

1981-жылы июнь айында менин ордума лейтенант Сергей Шлыков келди. Экөөбүз Новосибирскидеги аскердик училищеде чогуу окуганбыз. Ал эки айдан кийин курман болду. Баш-аягы "Чоң оюндун" бул кандуу этабында 860-полктон 350 адам окко учту. 41 жыл мурун Оштон Файзабадга чейин биздин аскердик бөлүк кандай жеткени дагы деле көз алдымда турат. Кийин бул геосаясий тирешүүгө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп полктошум полковник Жумалы Кубатов катышты. Бүгүнкү күндө да "Чоң оюн" уланып жаткан учуру.