Юстиция министрлиги өлкөдөгү нотариустарды текшерүү планын бекитти

Өлкөдөгү 156 жеке нотариустун ишмердүүлүгү текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталса тартиптик жазага тартылышат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кийинки жылы жеке нотариустардын ишин текшерүү боюнча план бекитилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган планга ылайык, өлкөдөгү 156 жеке нотариустун ишмердүүлүгү текшерүүгө алынат.

"Унаа" ишканасынын кызматы үч эсе арзандады. Чечим качан күчүнө кирет
Маалыматта нотариустар аталган чөйрөнү жөнгө салган мыйзам талаптарынын чегинде иш алып барууга милдеттүү жана талаптарга жооп берүүгө тийиш экени белгиленген. Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, тартиптик жазага тартылат.

Текшерүү жүргүзүү графигин Юстиция министрлигинин сайтынан көрүүгө болот.