"Спутник V" вакцинасынын улгайган кишилерге эффективдүүлүгү 90%га далилденди

"Спутник V" башка курактагы адамдардын да абалынын оорлоп кетишине жол бербей турганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы 60 жаштан жогорку курактагыларга 90 пайыз эффективдүүлүгүн көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Ошондой эле "Спутник V" жогоруда белгиленген жана башка курактагы адамдардын абалынын оорлоп кетишине жол бербей турганы айтылат.

Казакстан "Спутник V" вакцинасын өндүрө баштады
Клиникалык изилдөөнүн жыйынтыгында РФтин Саламаттык сактоо министрлиги вакцинаны улгайган адамдарга (60 жаштан жогорку категория) колдонууга макулдугун берген. Аны менен катар 18 жаштагы жана андан жогорку курактагы адамдарды да эмдегенге уруксат. 

Белгилей кетсек, россиялык адистер дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын иштеп чыккан. Кыргызстан аталган дарыларды алып келүү боюнча Россия менен макулдашып жатат.