Радио

Медер Рахман: ЖК алдында түзүлгөн миграциялык кеңеш саясатка аралашпайт

Жогорку Кеңештин алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралардын маселелери боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман келечектеги максаттары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Медер Рахман: ЖК алдында түзүлгөн миграциялык кеңеш саясатка аралашпайт

Жогорку Кеңештин алдында миграция маселеси боюнча ушул жылдын 4-декабрында тескемеге кол коюлуп, кеңеш түзүлдү. Бул орган миграцияга тиешелүү болгон мыйзамдарга оңдоп-түзөөлөрдү киргизип, алардын аткарылышын көзөмөлдөй турганын Медер Рахман Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, миграция кеңеши үч блоктон турат.

"Кыргызстандын экономикасына эмгек мигранттарынын таасири чоң экенин жакшы билебиз. Бирок аларга мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо көрсөтүлбөй келет. Ушул жаатта аз да болсо көмөк көрсөтүү максатында Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында миграция кеңеши түзүлдү. Анын жетекчиси болуп парламент төрагасы эсептелет. Аталган уюм үч блоктон турат. Биринчисине төрага өзү, тиешелүү комитеттин депутаттары кирсе, экинчи блокто Эльвира Сурабалдиева баштаган өкмөт мүчөлөрү бар. Ал эми үчүнчүсү коомдук уюмдар, жарандык активисттерден турат. Кеңештин алдында анын ишин жүргүзгөн катчылык да бар. Катчылык кыргыз парламентинин имаратында жайгашкан. Аталган кеңеш шайлоо алдында эле түзүлө калган мекеме эмес. Максаты — алыста жүргөн эмгек мигранттарына мыйзам, укуктук жактан колдоо көрсөтүү. Андыктан бул уюм саясатка такыр аралашпайт", — деди Медер Рахман.

Ал кеңешменин жалпысынан 23 мүчөсү бар экендигин кошумчалады.