БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында Кыргызстанда 300 адам коронавирустан айыгып чыкса, ошол эле учурда дагы 157 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
- Бишкек – 102;
- Ош шаары – 9;
- Чүй облусу – 97;
- Ош облусу – 16;
- Талас облусу – 4;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 28;
- Жалал-Абад облусу – 25;
- Баткен облусу – 14.
Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 74 477ге жетти.
COVID-19 жуктуруп алгандар:
- Бишкек – 60;
- Ош – 6;
- Чүй облусу – 27;
- Ош облусу – 20;
- Талас облусу – 5;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 20;
- Жалал-Абад облусу – 10;
- Баткен облусу – 4;
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө 80 182 адам оору жуктуруп алганы аныкталды.
Тилекке каршы, кечээ коронавирустан Бишкекте төрт адам каза болду. Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен илдеттен ажал тапкандардын саны 1 344кө жетти.
Учурда ооруканаларда 1 303 бейтап жатат. Анын ичинен:
- канааттандырарлык абалда - 20 адам;
- орто оордукта - 855;
- оор абалда - 365;
- өтө оор абалда - 63.
Ал эми үй шартында медиктердин көзөмөлүндө 2 155 адам дарыланууда.
Акыркы сутка ичинде 3 260 ПЦР изилдөөлөр жүргүзүлгөн.