Новиков Жалал-Абадды өнүктүрүүнүн долбоорун даярдоону тапшырды

Облуска иш сапары менен барган Артем Новиков чакан жана орто бизнести колдоонун зарылдыгына да токтолуп өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевге бизнес чөйрөсү менен биргеликте 2021-жылга карата Жалал-Абад облусун өнүктүрүүнүн долбоорлорунун картасын даярдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Артем Новиков Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаарлардын мэрлери, райондук жана облустук мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөргөн.

Анын жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланган.

Артем Новиков ЕЭК кеңешинин соңку жыйынына катышты. Талкууланган маселелер
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кышкы жылытуу мезгилинин өтүшүнө, азык-түлүк коопсуздугуна жана социалдык маанидеги тамак-аштын баасынын деңгээлине көңүл бурган.

Новиков буга чейин облустун түзүмүндөгү олуттуу үлүштү өнөр жай ээлегенин, айрыкча өндүрүш ишканалары аймактын экономикасынын локомотиви болгонун белгилеген.

"Азыр облустун өнөр жай өндүрүшүнүн 50 пайыздан ашууну тоо кен тармагына туура келет. Региондун өнөр жай потенциалын жандандырууга мүмкүнчүлүгү чоң, бул үчүн бардык шарт, анын ичинде чийки зат жана энергетикалык ресурстар бар", — деген ал.

Ошондой эле Артем Новиков чакан жана орто бизнести колдоонун зарылдыгына токтолуп, өкмөт өз кезегинде бардык демилгелерди колдоого даяр экенин айткан.