Актёр Бусурман Одуракаев: Ысмайылдын ролунан кийин эл мени көпкө жаман көрдү

Пандемиядан кийин маданий жайлар жаңыдан ачылып, өз ишин баштады. Алардын катарында театрлар да бар. Театр — бул өзүнчө сыйкыр дүйнө жана искусствонун өзгөчө түрү. Сахнанын көшөгөсү ачылар менен дагы бир турмуш башталат.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актёр Бусурман Одуракаев менен театр жана кино тармагы, актёрдун жараткан ролдору тууралуу азыноолак баарлашты.

— Азыр акырындан театрлар да ачылып баштабадыбы. Кандай режимде иштеп жатасыздар?

— Театрлар 22-марттан бери жабык болчу. Бирок Кыргыз улуттук академиялык драма театры өз демилгеси менен апрель-май айларында Ф. Достоевскийдин "Өлүм жана жаза" спектаклин даярдаган. Азыр Казакстанда театрлар ачылгандан бир жума өтүп биздики да ачыла баштады. Санитардык режимди сактап, 50 кишиден ашпаган көрүүчү менен спектаклдер жүрүп жатат. Бирок биздин Кыргыз драма театры менен Чыңгыз Айтматов атындагы орус академиялык драма театрынын былтыркы оңдоо иштерине министрликтен акча бөлүнбөй калды. Себеби пандемияга байланыштуу Маданият министрлигине берилүүчү 120 миллион сомдой акча өкмөттөн кыскартылып калган. Ушу тапта эки театр тең абдан суук, батареялары кесилген боюнча турат. Тендерден өткөн компания мыйзамдын чегинде оңдоо иштерин жасамак. Президент келгенде 84 миллион сомдун тегерегиндеги каражат театрдын оңдоо иштерине бөлүнгөн. Ачылсак дагы бизде иштөөгө шарт жок болуп жатат. Пандемиядан улам бир топ министрликтердин акчасын кармап калышыптыр, ал эми сырттан деле бир топ каражат келди эле. Ал акчалардын каякка жумшалганына таң калып бүтө албай жатабыз.

Актёр Бусурман Одуракаев: Ысмайылдын ролунан кийин эл мени көпкө жаман көрдү

— Ошондо эки театр тең ачыла албай турган экен да?

— Ооба, азырынча шартыбыз ушундай. Ал эми республикадагы башка бардык театрлар ачылышын жасады. Мисалга, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Уланмырза Карыпбаевдин "Жат эмесмин" драмасы менен ачылды.

— Пандемиядан улам маданий жайлар кеч ачылганына нааразы болгондор да чыкты...

— Ибн Синанын киносунда кара тумоо башталганда эң биринчи мечит менен базарды жабуу керектигин айтышат эмеспи. Ал кезде эл көп чогулган жер ошол базар менен эл сыйынуучу жайлар болгон да. Азыр биринчи болуп базарлар ачылды. Бирок мунун экономикалык жөндүү жагдайы болуп жатат. Ошол эле учурда коомдук транспортто эл консервалангандай тыгылып жүрөт. Тойлор да болуп жатты, тойканаларда ата-энесин ээрчип жаш балдар да жүрүштү. Анан ушундай шартта маданий жайлар менен билим берүүчү мекемелердин иштебей турганы нааразы кылбай койгон жок. Албетте, оору ырбап кетпесин деген кооптонуу болду, бирок бир аз түшүнүксүз шарттар түзүлүп калды.

Актёр Бусурман Одуракаев: Ысмайылдын ролунан кийин эл мени көпкө жаман көрдү

— Эми кеп башын өзүңүзгө бурсак, театр босогосун качан аттадыңыз?

— Мен театрга бала кезимден келдим. Анда 16 жашта элем. Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияда окуп, андан кийин Алматыдагы Казак улуттук театр жана кино искусство академиясын 1985-жылы бүтүргөм. Ошондон бери Кыргыз академиялык драма театрында, Кинематографисттер союзунда жана "Кыргызфильмде" эмгектенип келем. Кинодогу алгачкы ролум Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде Дооронбек Садырбаев тарткан "Акбаранын көз жашы" фильминде комсомолдун катчысы болуп эпизоддук роль аткаргам. Фильм Алайда тартылган. Романда комсомолдор тууралуу бир аз учкай эле берилип кеткен жери бар. Бирок аны Дооронбек байке үч барак кылып жазып салыптыр. Азыркы талапкерлер, активисттер, жаштар "тиги тигиндей болушу керек, бул мындай" деп кыйкырып жатышпайбы, мен ошолордун алгачкы ролун ойногом (күлүп). "Акбаранын көз жашы" — кинодогу экинчи ролум. Мында Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бет" повестинин негизинде Бакыт Карагулов тарткан "Куш өмүр" деген тасма болду. Анда дезертир Ысмайылдын ролун аткардым.

Актёр Бусурман Одуракаев: Ысмайылдын ролунан кийин эл мени көпкө жаман көрдү

— Ал кезде элдин киного мамилеси башка эле да. "Дезертирлигиңиз" кандай кабылданды?

— Эл мени көпкө жаман көрүп жүрдү. Ошондон кийин эле мага режиссёрлор да терс каармандарды бере баштады. Кийинчерээк эле оң каармандын ролун алдым. "Кыргызфильмде" кино тартуу иши совет мезгилиндеги тартипте жүрөт. Сценарий тандалып алынып, режиссёрлор тарта турган жерлерин тартып келип, атайын көркөм кеңештин сынына коёт. Андан кийин сценарийге оңдоо-түзөө киргиздирүү менен уруксат берилет. Актёрлорго чейин карайбыз. Ошол себептен "Кыргызфильмде" тартылган кинолордун көпчүлүгү эл аралык "А" тобундагы фестивалдарга катышып, бардыгы алдыңкы орундарга ээ болуп жатышат.

— Киного качан өттүңүз? Негизи роль жаратууда эки тармактын айырмасы барбы?

— Биз Советтер Союзу ыдыраган мезгилде окууну бүтүп келип, чайналган учурга туш келип калдык. Бирок театр менен кинону чогуу эле алып кеттим. Сахнада биринчи жолу Мар Байжиевдин "Алтынчы күнү кечинде" пьесасында Есениндин ролун жараттым. Кийин "Айкөл Манаста" Көкөтөй хандын уулу Бокмурунду ойноп, акырындан чоң ролдорго аралаштык. 1993-жылы Уильям Шекспирдин "Ромео жана Жульеттасында" Ромеону, 1994-жылы "Гамлетте" Гамлетти ойнодум. 1997-жылы 28-майда Шотландиянын Эдинбург шаарында "Шекспирдин энциклопедиясы" фестивалына катышып келгенбиз.

Актёр Бусурман Одуракаев: Ысмайылдын ролунан кийин эл мени көпкө жаман көрдү

— Кийин Искендер Рыскулов экөөңүздөр да театр ачып, бир катар эмгектерди жараткан экенсиздер?

— Ал Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында ачылган. 1994-жылы 12-декабрда чакан театрыбызды Чыңгыз Айтматовдон уруксат алып, "Саманчынын жолу" спектакли менен баштаганбыз. Он жылдай иштедик. Ошол арада өкмөттөн бир тыйын алган жокпуз. "Саманчынын жолу" спектаклин коёрдо "Сорос" фондуна каражат сурап кайрылсак ошол кездеги жетекчилери "Айтматов миллионер, өзү берсин" деп баш тартып коюшкан. Бирок баары бир эле өз күчүбүз менен коюп, улуу жазуучубузду да чакырганбыз. Спектаклдин акырында Чыңгыз Айтматовду конок бөлмөбүздө сыйлап отурсак "мен жомок жазып койгон турбаймынбы" деп айткан эле. Биз анда жаш экенбиз, "туура эмес коюп койдукпу?" деп өзүбүзчө түйшөлгөнбүз. Көрсө, жомок деген жакшы нерсе экен да.

Актёр Бусурман Одуракаев: Ысмайылдын ролунан кийин эл мени көпкө жаман көрдү

— Спектаклдердин чыгымын кантип жаап жаттыңар?

— Театрдын финансылык маселесин өзүм чеччүмүн. Өзгөчө авторлор, казак досторум жардам беришти. Биздин театрда роль жараткандардын көпчүлүгү Кыргыз драма театрынын артисттери болчу. Алар мамлекеттен канча айлык алса, бизден да ошончо айлык алып турушту. Колдон келишинче иштедик. Гарсиа Лорканын "Кандуу тоюн" коюп, "Жылдын мыкты спектакли" наамын жеңип алганбыз. Көптөгөн балдар-кыздарыбыз Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктарга татышты. Раматылык Советбек Жумадылов баш болуп эл аралык Чыңгыз Айтматов сыйлыгынын лауреаты болушкан. Андан кийин казак драматургу Рахимжан Оторбаевдин "Абай соту" спектаклин (Эрнис Турсунов которгон — ред.) режиссёр Искендер Рыскулов коюп, "Жылдын мыкты пьесасы" аталган. Кийин Бактыбек Максүтовдун "Кылымга тете күн" драмасын коюп, ал жерден да актёрлорубуз "Жылдын мыкты спектаклин" алып, музыкасын даярдаган Кенжекадыр Асанбаевдин эмгеги "Эң оригиналдуу композитордук иш" деп бааланган. Ушундай мыкты ийгиликтерге жетиштик, бирок театрыбыз убагында колдоо таппады.

— Чыңгыз Айтматов колдоо көрсөттү беле?

— Ал кишинин чыгармасын сахналаштырууга берген макулдугу эле чоң колдоо да. Андан өткөн байлык барбы. Чыңгыз Айтматов бизге канча деген мурас таштап кетти. Агайдын чыгармаларын театрлаштыруунун чети да оюла элек. Улуу жазуучу өзү "мен драматург эмесмин" деп айтканы бар. Москвада иштеп турганда Алматыга келип, досу, казактардын чоң драматургу Калтай Мухамеджанов экөө "Фудзиямадагы кадыр түндү" жазышкан эмеспи.

Актёр Бусурман Одуракаев: Ысмайылдын ролунан кийин эл мени көпкө жаман көрдү

— Көңүлүңүздөгү ойнолбой калган ролдоруңуз барбы?

— Мен негизи комедия жанрындагы ролдорду жаратууну жактырам. Бирок негизинен терс каармандарды аткардым. Өзүм комедия жанрындагы жакшы пьеса даярдап жатам, быйыл оңдоо иштерибиз бүтпөй турат. Эмдиги жылдан ушул чыгармага киришебиз го, буюрса. Театрларда деле көбүнчө трагедиялуу ролдордо жүрдүм. Эми үч жылдан бери Чокон Валихановду ойноп жатам. Алматыга чейин барып келдик. Бул Шамил Жапаров менен Нурлан Сыдыковдун кинонун тили менен койгон драмасы. Азыр сыр болуп турсун, бирок ушул ролум менен бир эл аралык фестивалга онлайн катышууга чакырып жатышат. Бул драманын өзүнө тийиштүү интеллигенция өкүлдөрүнөн, ошол инсанды жакшы билген адамдар арасында көрүүчүлөрү бар.

Актёр Бусурман Одуракаев: Ысмайылдын ролунан кийин эл мени көпкө жаман көрдү

— Негизи трагедияга караганда комедиялуу роль жаратуу кыйынга турса керек?

— Эң туура, комедия кыйыныраак. Комедия деген — сахнага чыгып алып күлкүлүү нерселерди айтып, ары-бери кыйшаңдап, ага эл күлсө ыраазы болуп калуу эмес. Негизи комедияны канчалык олуттуу ойносоң, ошончолук жеткиликтүү болот.

— Адамга төрөлгөндө шык, жөндөм, талант деген нерсе кошо берилип, илхом көкүрөктү кытыгылап турат эмеспи. Ошентсе да бүтүндөй өмүрүңүздү арнаган театр, кино жаатына келгениңизге өкүнгөн учуруңуз болобу?

— Ооба. Кээде ойлогон ойду, идеяны ишке ашыра албай, тоскоолдуктар болгондо өкүт болот. "Ушундан көрө..." деп кетесиң. Негизи менде уюштуруучулук жөндөм күчтүү. Мүмкүн башка тармакты тандасам, аткаминер болуп кетет белем (күлүп).