БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстанда эл аралык стандартка туура келген эки гана мал союучу цех иштейт. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.
Ал бүгүн министрликтеги 60 күндүн жыйынтыгы жана 2021-жылга карата пландары туурасында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өтүп жаткан брифингде билдирди.
Токтогазиевдин айтымында, талапка ылайык мал союучу цехтин бири Аламүдүн районунда, экинчиси Кочкор районунда жайгашкан.
"Булар малды соёрго чейин карантинде кармашат. Эгер малга антибиотик берилген болсо, бул учурда ичинен чыгып кетет. Дагы беш цех бар, алар эл аралык талапка жооп бербейт. Көпчүлүк мал союучу жайларда жөнөкөй эле санитардык эрежелер сакталбайт. Ал жактан базарга тонналаган эт чыгууда. Муну менен канчалаган ооруну бизге, балдарыбызга, ата-энелерибизге ташып жатат", — деди Токтогазиев.
Ошондой эле мал базарлардын тазалыгын жана тартибин иретке келтирүү боюнча макулдашылганын билдирди.