"Сорос" фонду кандай иштейт? Молдовалык депутаттын иликтөөсү

Батыш тарабынан каржыланган бейөкмөт уюмдар постсоветтик мейкиндикте таасир этүүнүн эки түрүн: жумшак жана катуу линиясын пайдаланат. Мындай оюн молдовалык парламентарий Богдан Цырдя ортого салды.
Sputnik

Мурдагы советтик республикалардын дээрлик бардыгында батыштык бейөкмөт уюмдардын таасирин байкоого болорун айтат Молдова парламентиндеги "Социалисттер" партиясынан депутат Богдан Цырдя. Ал Sputnik агенттигине бул структуралар кандай иш алып барары жана эмнеге умтулары туурасындагы иликтөөсүнөн бөлүштү.

Фактылар менен айгинелеш керек

Молдовалык бир катар бейөкмөт уюмдар "Сорос" жана "Конрад Аденауэр" фонддору тарабынан каржыланарын Богдан Цырдя бөркүндөй көрөт. Ал эми ошол бейөкмөт уюмдар бири-бири менен макулдашып аракет этип, демөөрчүлөрдүн, анын ичинде саясий каржылоочулардын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Мындай ой толгоолорун ал өзүнүн “Молдованын жарандык коому: демөөрчүлөр. НПО*-кратия. Маданий согуштар” аттуу китебинде 1,5 миң шилтеме менен тастыктаган.

"Китеп молдован тилинде жарыялангандан кийин (орус тилинде 2021-жылдын жазында чыгары күтүлүүдө – ред. тактоосу) анда баяндалган тараптардан реакция көп күттүрбөдү. Дароо эле Евробиримдиктин Молдовадагы миссиясынын башчысы Петер Михалко, андан соң Голландия элчиси жана "Сорос" фонду үн катты", — дейт автор.

Богдан Цырдянын китеби 759 беттен турат. Анын бул эмгеги быйыл 21-октябрда басылып чыгып, ошол эле күнү кечинде "Сорос" фонду ага “Молдованын жарандык коомуна одоно асылуу” деп айыптаган.

Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
"Окуганым жок, бирок сындайм” дегендей эле кеп болду. Менин китебимди демократиянын туруктуулугуна, укуктук үстөмдүккө жана дегеле европалык баалуулуктарга коркунуч туудурат деген кине тагышты. Бирок фонд сөз эркиндиги үчүн күрөшөрү чын болсо, эмнеге адегенде китепти талкуулабайт? Эгер мында жалган жана бурмалоолор бар десеңиз, мына ичинде 1 519 шилтеме жана 600 булак көрсөтүлгөн. Мен талкууга даярмын", — дейт Богдан Цырдя.

Оппоненттери буга унчукпаганын баса белгилейт депутат.

"Башында бейөкмөт уюмдар биз сандарды бурмалап жатканыбызды айтып чыгышкан. Ошондо өздөрүнүн эле каржылык отчетторунун скриншотторун басма сөз жыйынында көрсөткөм. Китебим коркунуч туудурат деген гана бүдөмүк ойлорун айткандан бөлөк, ал фактыларды төгүндөй алышпасы айдан ачык", — деген ойдо автор.

Ишмердик талаасы

Постсоветтик мейкиндикте бейөкмөт уюмдар жарандык коом менен теңдиктин белгиси деген ой кызуу таңууланат. Бирок Богдан Цырдя андай ойго кошулбайт. Анын пикиринде, сырттан каржыланган уюмдар реалдуу жергиликтүү көйгөйлөрдү көп көтөрүшпөйт, алар демөөрчүлөр көрсөткөн күн тартибинде гана иш алып барышат.

"Молдованы мисалга алалы. Бул жакта бейөкмөт уюмдар кандай көйгөйлөрдү көтөрүшөт? Радикалдык феминизм, ювеналдык юстиция (жашы жете элек балдар тарабынан жасалган кылмыштарды кароочу мекеме жана уюмдар), өздөрүнүн түшүнүгүндөгү демократизация... Булардын биздин көйгөйлөргө тиешеси канчалык? Биздин көйгөйлөр – жакырчылык (биз Европадагы эң кедей өлкөбүз), жемкорлук, бул жагынан Украина менен жарышып келебиз, анан да жумушсуздук. Биздин жарандарыбыздын үчтөн бир бөлүгү четке чыгып кеткен", — деп санап берет автор.

Батыштык фонддордун ишмердиги сөз жүзүндө эле жакшы иштерге багытталган: жемкорлукка каршы күрөшүп, демократияны орнотууга умтуларын белгилейт саясатчы. Бирок иш жүзүндө бардыгы байкоолор жана ар кандай тизме, маселен, сөз эркиндигинин бедели же демократиянын индексин түзүү менен гана чектелет.

"Бирок алар чындыгында кырдаалды эч кандай өзгөртө албайт эмеспи, — дейт Богдан Цырдя. — Молдовалык бейөкмөт уюмдардын бюджетин карагылачы — миллиондогон долларлар. Ал эми билим берүү тармагынын бюджети алда канча аз. Бизде дал ушулар коомдун өнүгүшү үчүн эң маанилүү багыттардан болуп саналат. Же европалык структуралар Молдовага акча берип жатабыз деп айтканды жакшы көрүшөбү? Бирок алар чындап кайда? Юстицияны реформалоого багытталган 100 миллион евронун 10 пайызы гана түздөн-түз сотторду жабдууга жумшалыптыр. Негизги бөлүгү юстицияны реформалап жаткансыган контора, кофе-брейктерге сарпталыптыр. Демек, фонд өзүнө өзү акча бергениби?".

АКШнын Борбордук Азияда көздөгөнү эмне? Помпеонун сапары тууралуу
Бардык өлкөлөрдө "Сорос" фонду менен каржыланган уюмдар бирдей иш алып барат жана ишмердиктеринде эки вариантты пайдаланышарын талдайт Богдан Цырдя. "Мисалга: "Сорос" фонду бардык жакта бир убакта пайда болгон. Адегенде тарых китептерин чыгарууга каражат бөлгөн. Анда эмне деп жазылган? Ар бир өлкө артта калганын, эми алар кандай жардам берери айтылган. Кийин фонд гранттык долбоорлорду ачкан. Эмнеге? Бул менен алар акылдуу жаштарды өзүнө тартууну максат кылган. Семинар жана изилдөөлөр үчүн аларды тартып, ал эми эл өз мамлекеттери жөнүндө чалгындоо маалыматтарын берип жатышканын элес алышкан эмес. Аны изилдеген жан болбогон, анткени 1990-жылдары бардык жакта башаламандык өкүм сүргөн", — деп эсептейт молдовалык парламентарий.

Аракеттердин биринчи варианты жумшак экенин түшүндүрөт Цырдя. "Адегенде өлкөдө фонд ачылат, ал бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдарды жаратат. Андан соң башка структураларды каржылоого киришет. Ошентип өлкөнүн эмес, демөөрчүлөрдүн кызыкчылыгында иш алып барган түйүн түптөлөт. Тармактык эле принцип менен фонд өз адамдарын бийлик бутактарына түртө баштайт", – деп талдайт ал.

Буга мисал катары Богдан Цырдя Арменияны келтирет. Аталган мамлекетте Никол Пашиняндын тушунда жогорку кызматка "Соростун" структурасынан чыккандар келген.

Ар кыл фонддордун катуу таасир этүүсүнө молдовалык саясатчы Беларустагы толкундоолорду мисалга алат.

"Батыш беларустук оппозицияны ачык колдойт (11-декабрда Еврокомиссия аталган республиканын жарандык коомун колдоого 24 миллион евро бөлүү демилгесин жактырды — ред. тактоосу). Менимче, Беларуста эч ким жергиликтүү фонддордун ишмердигин терең талдаган эмес. Бирок революция капыстан боло калбасы анык. Ал үчүн шарттар зарыл", — деп белгилейт Богдан Цырдя.

*НПО – бейөкмөт уюмдар