Россия Кыргызстанга 200 миң ПЦР-тест система берди

Гуманитардык жүк 24-декабрь күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигине берилди. Жакынкы аралыкта өлкөгө жөнөтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. Россия Кыргызстанга COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүү үчүн гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Россия Кыргызстанга 200 миң ПЦР-тест система берди

Маалыматка караганда, 24-декабрь күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Роспотребнадзордон коронавирусту аныктаган 200 миң ПЦР-тест системасын алган.

Гуманитардык жүк жакынкы аралыкта Кыргызстанга жөнөтүлөт.

ТИМ Кыргызстан Россияга көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн терең ыраазычылыгын билдирерин кошумчалаган.