Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет элдик эс алуучу менен өлкөдөгү туризм жана треккинг жөнүндө маек курду.
— Сиз кооз жерлерге жөө барып, укмуш сүрөттөрдү тартып жүрөсүз. Ал тоолордун айрымдарын жергиликтүү тургундар дагы көрө элек болуш керек. Биздин жаратылыш кандай экен?
— Кыргызстандын жаратылышы түркүн түстөргө өтө бай экен. Бир жерге барганда чөлдө жүргөндөй болсоң, кичине ары бассаң эле жашыл талааларга чыгып каласың. Анан бул жакта кичинекей аралыкта көп нерсени көрүүгө мүмкүн экен. Мисалы, бүгүн тоолордо көчмөндөрдүн чыныгы жашоосун көрсөң, эртеси эле мөңгү баскан тоолордо үшүп-тоңуп жүрүп, аркы күнү шаарда кофейняда кофе ичип отурмай. Мен үчүн бул өзгөчө тажрыйба болду. Кыргызстандын Баткен облусунда эле боло элекмин, калган жердин баарын кыдырдым. Ысык-Көл облусунда болсо Койлуу, Алтын-Арашан, Сары-Жаз, Үзөңгү-Кууш, Эңилчек, Кырчын, Барскоон тоолорунда жөө жүрдүм. Жайкысын көл жээгинде бир-эки күн эле чыдайм, тоодо болсо жумалап болсо деле жүрө берем. Кыргызстандан алгачкы сүрөттөрүмдү 2012-жылы Тажикстандан Памир тоолору аркылуу келгенде тарткам. Ошондо Чоң Алайдын тоолорун камерама түшүрбөй калганыма азыркыга чейин өкүнөм. Менимче, республикадагы эң кооз жерлерди бири — Чоң Алай району.
— Кыска убакыт ичинде биздин асман жиреген тоолорду сүйүп калган турбайсызбы?
— Ооба. Мен жашаган АКШнын штатында деңиз деңгээлинен 80 метр бийиктикте жайгашкан адырды тоо дешет. Аны бул жактагы тоолор менен салыштырууга такыр болбойт. Кыргызстандан өзүм үчүн көп жаңы нерселерди ачып жатам. Быйыл Ысык-Көлдүн кокту-колотторунда эле эки айдай болдум.
— Социалдык тармактарда жарыялаган сүрөттөрүңүздөрдө мөңгү баскан тоолордун чокусуна чейин жеткениңизди көрүүгө болот. Бийик тоолуу аймакта кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз?
— Саякаттап көп эле өлкөдө болсоңуз керек, барган мамлекеттердин ичинен Кыргызстан эмнеси менен айырмаланат экен?
— Дүйнөнүн 60тан ашык мамлекетинде болуптурмун, Кыргызстандын өзгөчөлүгү — көчмөн жашоонун элементтери сакталып калган жана жаратылышы абдан кооз. Мисалы, АКШда деле кичине көчмөн турмуш бар, бирок силерде канча убакыт өтсө дагы мурдагыдай эле көчүп-конуу маданияты уланып келет. Демек, буга зарылдык бар.
— Эми треккинг, башкача айтканда, тоодо жөө эс алуу жөнүндө сөз кылсак, Кыргызстанда туризмдин бул түрүн өнүктүрүү үчүн эмнелер жетишпей жатат деп ойлойсуз?
— Быйыл пандемияга байланыштуу Кыргызстанга чет элдик эс алуучулар келбегендиктен туристтик фирмалар негизинен жергиликтүү тургундар менен аш алып барууга мажбур болушту. Мунун аркасы менен катардагы эле жарандар треккинг аркылуу өздөрү үчүн бир топ кооз жерлерди таба алышты.
Менимче, силерде туризмдин негиздери жакшы эле түптөлүп жолго салынган, өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү арбын. Мен алгач Кыргызстанга сегиз жыл мурун жаңы келгенге салыштырмалуу жылыштар көп эле. Андан бери чет элдиктер үчүн киргизилген визасыз режим өз жемишин берди. Алыстан келе турчу туристтер үчүн өзүнө ыңгайлуу аба каттамдарды тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Азыр Кыргызстанга сапаттуу маркетинг жана жарнамалоо кичине жетишпей жатат, бирок мунун баары техникалык гана маселелер.
— Кыргызстандан орун-очок алып калыптырсыз, биздин өлкөдөн эмне таптыңыз?
— Мен кыргыз элинин үрп-адат, каада-салт, тилин урматтайм. Башка мамлекеттерде кыргыздарчалык чет элдиктерди кабыл алышпайт. Мисалы, Кытайда канча жүрсөң дагы бөтөн адам болуп эсептелесиң. Ал эми кыргыздар менен бат эле жуурулушуп кетесиң. Мен бул жактан өзүмдүн сүйүүмдү таап, кыргыз кызына баш кошуп байыр алдым. Азыр кыргыздын күйөө баласымын, Бишкекте жашап кыргыз, орус тилдерин үйрөнүп жатам.